24.kg
16:06, 31 октября 2019, 24.kg

Москвада белгисиз жоголгон кыргызстандыктын сөөгү табылды

Москвада белгисиз жоголгон кыргызстандыктын сөөгү табылды. Ал жол кырсыгында каза болгон. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Таш-Көмүр шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз жоголгон тууганын издешүүгө жардам сураган. Ал 18-октябрда ишинен чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Анын 2012-жылдан бери коомдук тамактануучу жайда иштеп келгени маалым болду.  

Билдирүүгө ылайык, 19-октябрда жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү жаракат алган. Аны шаардагы клиникалык ооруканага алып барышкан, бирок жабырлануучу каза болуп калган. Белгисиз жаранды өлүкканага өткөрүп коюшканы анык болду. 

29-октябрда бир тууганы белгисиз кишинин өздүгүн тактап, тааныды. Учурда туугандары жүк 200дү кичи мекенине жөнөтүү үчүн маселени чечишүүдө. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18