24.kg
15:03, 31 октября 2019, 24.kg

Таксисттин өлүмү. Шектүүлөрдүн бири кармалды

Чүй облусунда «Манас» аба майданына жакын жердеги унаанын багажынан табылган адамдын өлүмүнө шектүүлөрдүн бирин кармашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 39 жаштагы Хусан Каримовдун өлүмүнө катыштыгы бар.

«Алдын ала маалыматка ылайык, шектүүнүн жанынан таксисттен уурдап алган акчалар табылды», — деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылганын ОИИББдан билдиришкен.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18