24.kg
11:10, 31 октября 2019, 24.kg

Карамушкина Атамбаевдин балдарына карата куугунтуктоону токтотууну талап кылды

Депутат Ирина Карамушкина мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин балдарына карата куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүнкү отурумда айтты.

Анын билдирүүсүндө, Атамбаевдин балдары -ийгиликтүү ишкерлер, алар «Кыргызавтомаш» ААКнын өндүрүшүн өнүктүрүштү. Бирок, учурда ишкананын активдери камакка алынып, документациясын тартып алышкан. Иш факт түрүндө токтоп калган. Ирина Карамушкина ушундай эле көрүнүш «Медиа Форумда» да бар экенин кошумчалады.

«Атамбаевдин компаниясы салык түрүндө казынага 25 миллион сом төлөнгөн. Элде бүгүнкү күндө бийлик Алмазбек Атамбаевдин жасаган эмгектеринин баарын чийип салууга араткет кылып жаткандай ой калды. Кыргызстан Кокон хандыгы эмес, өлкөгө мыйзамды алып келгиле. Мурунку президенттин бир дагы тууганы ал башкарып турган маалда жогорку кызматта иштеген эмес», — деди Ирина Карамушкина.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18