24.kg
10:31, 31 октября 2019, 24.kg

Баткен ооруканасынын дарыгерлери иштөөдөн баш тартышты

Баткен облустук оорукананын дарыгерлери кечээ иштен кетүү тууралуу арызын жазышты. Мындай кадамга баруу менен алар бийликке өз көйгөйлөрүн жеткирүүгө аракет кылышкан. Айтымдарында, айлык акынын аздыгы, тынымсыз текшерүүлөр, адистердин жетишсиздиги буга себеп.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Дарыгерлер менен өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү жана анын социалдык маселелер боюнча орун басары жолугушту. Медкызматкерлер аткаминерлерге өз талаптарып айтышкан. Учурда маселелер жергиликтүү деңгээлде чечилүүдө.

«Баткен облустук оорукананын дарыгерлери аймактын жетекчилиги менен жолугушкандан кийин канааттанышты. Баардык кызматкерлер штаттык режимде иштеп, калкты тейлеп жатышат», — деп билдиришти министрликтен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18