24.kg
09:45, 31 октября 2019, 24.kg

Атабековдун апасынын үйүн тоноо. УКМК кыйноо фактысы боюнча иш козгоду

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоногонго шектүү жаранга карата колдонулган кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Назира Абдумуминова билдирди.

Анын айтымында, арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кыйноо» беренеси боюнча катталды. Бирок, милицияга шектенүү тууралуу билдирүү тапшырыла элек.

«Медет Бейшеков азырынча сурала элек. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында эч кандай тергөө аракеттери көрүлгөн жок», — деди жактоочу.

Эске салсак, май айында ырчынын апасынын үйүнө куралчан кишилер кирип, коркутуп ур-тепкиге алып, 60 миң доллар жана алтындарын алып кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18