24.kg
09:15, 31 октября 2019, 24.kg

Быйыл Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр интенсивдүү болду

2020-жылды Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушканда айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы Михаил Швыдкойду жылуу кабыл алып, үстүбүздөгү жыл Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жогору динамикасы жана интенсивдүүлүгү менен мүнөздөлгөнүн канааттануу менен белгиледи.

«2019-жылдын март айындагы Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон биринчи мамлекеттик сапары тарыхый достук жана ишенимдин бекем салттарында негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин көрсөттү. 2020-жылды Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо чечимибиз мунун айкын далили болуп саналат. Сиздин сапарыңыз дал ушул окуяга арналууда», — деди Сооронбай Жээнбеков.

«Бизге бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү, бул биздин мамилелерди андан ары тереңдетет. 2020-жылды Кыргызстан жана Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө алдында символикалуу мааниге ээ», — деп белгиледи Михаил Швыдкой.

Эске салсак, 2019-жылдын 28-мартында Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекет башчылары тарабынан 2020-жылды Кыргызстанда Россия Федерациясынын жана Россияда Кыргыз Республикасынын Кайчылаш жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18