24.kg
15:35, 30 октября 2019, 24.kg

Токмоктун тургундарынын электрди пайдаланууга 33 миллион сом карызы бар

Ушу тапта Токмок шаарынын тургундары электрди пайдаланууга 33 миллион сом карыз. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеӊештин жыйынында айтты.

Каржы министринин орун басары Улукбек Карымшаков аталган маалыматты тастыктап, көйгөй бар экенин белгиледи.

Элвира Сурабалдиева мындай жагдайдан чыгуунун жолун талап кылып, босогого келип калган кыш мезгилинде шаардыктардын маселесин чечүү керектигин өкмөттүн астына койду. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Каржы министрлиги менен бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиришти.

Кышка даярдыктар боюнча талкуу маалында эч кандай пландуу өзгөрүүлөр болбостугу, электр кубатын иштеп чыгуу үчүн Нарын дарыясынан топтолгон суу жазга жетери, быйыл электр кубатына болгон тарифтер өзгөрбөстүгү белгилүү болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18