24.kg
15:28, 30 октября 2019, 24.kg

Баалуу металлдарды жана буюмдарды алып бара жаткан Кытайдын жараны кармалды

«Манас» Эл аралык аэропортунан Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учуу каттамын контролдон өткөрүү учурунда, баалуу металлдарды жана буюмдарды алып бара жаткан Кытайдын жараны кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

«XIX —XX кылымдарга таандык 23 даана ар кайсыл номиналдагы орус тамгалары менен гравировкаланган сары металл тыйындары (болжолдуу алтындан) жана тыйындан жасалган колго тагуучу 2 чынжыр (болжолдуу алтындан, ар бир чынжырда байыркы тыйындардан бештен тагылган) табылды», — деп жазылат маалыматта.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18