24.kg
14:05, 30 октября 2019, 24.kg

Tashkent City курулушунда иштеп жаткан жумушчу 8-кабаттан кулап каза болду

Tashkent City комплексиндеги курулушта иштеп жаткан 21 жаштагы жумушчу тогуз кабат үйдүн сегизинчи кабатынан кулап кетип каза болду.Күбөлөрдүн айтымында, окуя 27-октябрда болгон. Сырдарыя облусунун тургуну Алишер Турдибоев тогуз кабаттуу үйдүн сыртын сырдап бүтүп калганда кулап кеткен.

Маркумдун туугандары азырынча бийлик дагы, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Asia Trading City компаниясы дагы анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп бере электигин билдиришти. «Балким кокустук болгондур, бирок бул анын күнөөсү эмес. Алишер ушул курулуштун айынан каза болду», — деди туугандарынын бири.

Asia Trading City компаниясы маркумдун үй-бүлөсүнө бериле турган компенсациянын өлчөмү тергөө иштеринин жыйынтыгында аныкталарын билдирди.

«Азыр бул иш боюнча Алмазар райондук ички иштер бөлүмү тергөө жүргүзүп жатат. Биздин кызматкерлер анын тажиясына барып келишти. Атасына, туугандарына бул боюнча маалымат бердик. Компенсация төлөп берүү маселеси каралып жатат», — деди компания кызматкери.

Tashkent city деп аталган эл аралык ишкерлик борбор Өзбекстандын баш калаасындагы 80 гектар аянтта курулууда. Аны 2021-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18