24.kg
12:11, 30 октября 2019, 24.kg

Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды

Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Ал 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары мүлкү конфискацияланып, 160 миң сом айып салынды.

Сотто айыпталуучу адилет өкүм чыгарууну суранды. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу аны 7 жарым жылга эркинен ажыратып, 180 миң сом айып салууну суранган.

Судья Дамирбек Назаров Икрамжан Илмияновду күнөөлүү деп тапты. Анын айтымында, айыпталуучунун күнөөлүү экенин күбө Чыныбек Анарбек уулунун түз көрсөтмөсү далил. Күбө «Дизель комплект» компаниясынан алган 150 миң долларды ал өз колу менен президенттин мурунку кеңешчисине бергенин айткан. 

Photo 141677

«Дизель комплект» ЖЧКнын версиясы боюнча, компания 150 миң долларды Икрамжан Илмияновго Каржы полициясына салык төлөбөгөндүгү боюнча кылмыш ишти токтотууга жардам сурап берген. Акчаны алар мурунку кеңешчинин жардамчысы аркылуу берип жиберишкен. Соттолуучу каражатты коротуп салган.

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18