24.kg
09:46, 30 октября 2019, 24.kg

Партиянын тизмесиндеги ар бир талапкерге өзүнчө добуш берүү сунушталууда

Депутаттар Исхак Масалиев менен Жанар Акаев 2020-жылы парламенттик шайлоодо талапкерлердин ачык тизмесин киргизүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, ачык тизме киргизүү менен шайлоочу партияга гана эмес, анын өкүлдөрүнүн ар бирине добушун бере алат.

«Мисалы, шайлоочу добуш берүү үчүн кабинага кирет, ал партиялардын тизмеси жана депутаттык мандат ала турган талапкерлердин толук тизмеси жазылган бюллетенди көрөт. Анда Жогорку Кеңешке ким татыктуу деп ойлосо, ошого добуш беришет. Добуш берүү компьютердин жардамы менен ишке ашат. Биз шайлануучулардын тизмеси жазылган оролгон каганздарды чыгара албайбыз да. Мындан улам баары максималдуу түрдө оптимизацияланат. Биз бул ыкманы 2020-жылы колдонууга аракет кылабыз», — деди Исхак Масалиев.

Партия лидерлери буга каршы болушат, анткени бул аларга пайда алып келбейт. Бул байларга дагы пайдалуу эмес. Ачык тизме менен акча төлөсөң дагы парламентке өтөсүң деген эч кандай кепилдик берилбейт.

Исхак Масалиев
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18