24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА
16:25, 29 октября 2019, 24.kg

Алардын депутаттары «элитный» эмес го. Акаев жүктөгөн сүрөт талкууга түштү

Депутат Жанар Акаевдин соцтармакка жарыялаган Улуу Британия парламентинин депутатына таандык иш бөлмөсүнүн сүрөтү кызуу талкууга алынууда. 

Photo 141601

Ал «Тажрыйбалуу бир депутаттын иш бөлмөсүнө күбө болдум, сиздерге да бөлүшөйүн, достор. Отурган орду мынакей, анан депутаты, жардамчылары, кеңешчиси болуп баары бир кабинетте. Эми Британ өкмөтүндө акча жок дейсизби, абдан жөнөкөй, жупунулук. Шапкени баса кийип, уялгандар деле жок», — деп жазган сүрөттүн алдына.

Соцтармактын колдонуучулары «Бизде да ушундай болуш үчүн Британиядагыдай демократиялык система куруш керек. А куруш үчүн демократиялык системанын стандарттарын үйрөнүш керек», «Ал жакта бутуна турбагандар деле шайлана беришет тура!», «Буларың иш деле кылбайт го, үстөлдүн үстүндө пачкалаган кагаздары деле көрүнбөйт», «Кресло териден жасалган эмес го», «Алардын депутаттары «элитный» эмес го» деген таризде билдирүү калтырышты. Дагы бир колдонуучу Жанар Акаевдин өзүнө берилген иш бөлмөнүн сүрөтүн сурады, депутат «меники мындан да чакан» деген жоопту узатты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18