24.kg
15:56, 29 октября 2019, 24.kg

Кыргыз жомоктору корей тилине которулат

Түштүк Кореяда кыргыз жомоктору корей тилине которулууда. Бул тууралуу «Азаттык» Сеулда өткөн «Public Diplomacy Week 2019» фестивалынын алкагында уюштурулган көргөзмөдө айтылганын жазды.

Фестивалга Түштүк Кореядагы чет өлкөлүк элчиликтер катышып, ар бири өз мамлекетинин тарыхы, эли, маданияты тууралуу маалымат беришти.

«Азиялык маданий борбор» уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан менен маданий багытта кызматташтык жакшы өнүгүүдө. Борбордун имаратында «Манас» темасына арналган көргөзмө өттү. Кыргызстандык корейлердин балдары концерт уюштуруп беришти.

Быйыл жайында Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун үч күндүк расмий сапар менен Кыргызстанда болгон. Кыргызстандын эгемендик тарыхында бул өлкөнүн өкмөт башчысы Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18