24.kg
14:49, 29 октября 2019, 24.kg

Баткен районунун тургуну Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалды

Баткен районунун тургуну Асылбек Каримов чек ара режимин бузгандыгы үчүн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү тажик тарап менен сүйлөшүп, Асылбек Каримовду мекенине кайтарып берүү тууралуу кеп болду.

«Бирок Тажикстандын мыйзамына ылайык, кыргызстандык жаран айыппул төлөөгө милдеттүү», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 26-октябрда тажик тарап колго түшүргөн 2 кыргызстандык Баткен аймагына кайтарылган. Эми Асылбек Каримовду алып келүү боюнча иштер жүрүүдө.

Эске салсак, Асылбек Каримов 24-октябрда коңшу тараптын Чарко базарына кетип кайра кайтып келген эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18