24.kg
13:50, 29 октября 2019, 24.kg

Өзбекстанда мугалимдер кемсинткен өспүрүм өз жанын кыйды

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Карши районундагы магистралдык каналдан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды.

Маркумдун апасы менен классташтары анын каналга боюн таштоосуна мугалимдердин кемсинтүүсү себеп болгонун билдиришүүдө.

«Мугалимдер уулумду мектепке телефон көтөрүп баргандыгы үчүн жазалашыптыр. Ал күнү мен пахта тергени кеткем, күйөөм Орусияда. Ошондуктан инисин бала бакчадан ала келсин деп уулума телефон берип койгом. Аны мугалимдер көрүп калып, уулумду кемсинтип, ага жаман сөздөрдү айтып, телефонду тартып алышкан. Буга чыдабаган балам каналга секирем деп мектептен качып кеткен. Мугалими дароо мага телефон чалды. Каналдын жээгине барганыбызда анын китепкабын гана көрдүк, өзү секирип кеткен экен. Көп өтпөй куткаруучулар анын сөөгүн таап чыгышты», — деди өспүрүмдүн апасы.

Маркум окуучунун классташтарынын бири ошол күнү аны класс жетекчиси менен директордун орун басары катуу сабаганын билдирди.

«Класс жетекчибиз менен директордун орун басары аны мектепке телефон көтөрүп келгендиги үчүн сабашты. Алар аны жакадан алып, иш-чаралар өтө турган бөлмөгө алып кетишкен. Ал жактан көздөрү жашылданып, сол жаагы кызарып чыккан. Ага чейин мугалим аны кыздардын көзүнчө кемсинткен», — деди маркумдун классташы.

Жергиликтүү милиция бөлүмү менен райондук прокуратурадан өспүрүмдүн өлүмү фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18