24.kg
11:45, 29 октября 2019, 24.kg

Конгантиевдин ысымын берүүгө моралдык укугу жок. Укук коргоочу митингге чыкты

Photo 141559

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымын «Алтын-Ордо» калктуу конушунун көчөлөрүнүн бирине берилгенине каршылык билдирип, митингге чыкты. 

Анын айтымында, демилгечилердин көчөгө Молдомуса Конгантиевдин ысымын берүүгө моралдык укугу жок болчу. «Анын кандай эмгектери үчүн ысымы берилгенин түшүндүруп берүүнү талап кылам», — деди укук коргоочу.

Эске салсак, буга чейин"Алтын-Ордо" калктуу конушуна тиешелүү «Полиция шаарчасы» районундагы көчөлөрдүн бирине жергиликтүү тургундардын демилгеси менен мурунку министрдин ысымы ыйгарылган. Бул райондо ИИМдин көзү өтүп кеткен генералдары Жусуп Акматов, Темиркан Субанов, Чыныбек Алиевдин урматына көчөлөргө ысымдары берилген. 

Молдомуса Конгантиев бул тууралуу маалыматты жакында эле билгенин жана конуштун тургундарына ыраазычылыгын айткан.

Эскерте кетсек, 2010-жылы ИИМди жетектеген Молдомуса Конгантиев 5-июль күнү акталган. Прокуратура аны айыптуу деп таап, алты жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом айып салууну талап кылган. ИИМдин мурунку башчысына карата 2010-жылдын апрель окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылган. 7-апрелде ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок, көп өтпөй Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, Бишкекке экстрадицияланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18