24.kg
11:21, 29 октября 2019, 24.kg

Башкы прокуратура: 64 сайт, 233 аккаунтка кирүүгө чектөө киргизилди

Кыргызстанда интернет колдонуучуларына 64 сайтка, 233 аккаунтка жана видеоканалга кирүүгө чектөө киргизилип, тыюу салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чаралар интернетте террордук жана экстремисттик ишмердүүлүктү үгүттөгөн маалыматтарды тараткандарга карата көрүлдү. Булардын катарында мамлекеттик бийликтин светтик институттарын зомбулук менен жок кылууга багытталган куралчан топтор бар.

Башкы прокуратура билдиргендей, интернетте сепаратизм, этникалык айырмачылыктарга, расага, динге ишенүү боюнча коомдуу бөлүп-жаруу күн санап өсүүдө. Интернетке жарыяланган маалыматтарды экстремисттик деп таануу боюнча сотко 19 арыз түшкөн. Сот Башкы прокуратуранын арыздарын колдоду.

109 аткаминер дисциплинардык жоопко тартылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18