24.kg
11:15, 29 октября 2019, 24.kg

Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат

Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толугу менен автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты.

«Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата районунун, Түп районунун жана Жалал- Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери семинар-окуулардан өтүшөт», — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт.

Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18