24.kg
10:30, 29 октября 2019, 24.kg

Сот Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына болгон арызын кароодон баш тартты

Октябрь райондук соту мурунку акыйкатчы Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына болгон доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу анын өкүлү Аида Токтоназарова 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, чечим мыйзамсыз. Сотко бардык керектүү документтер жана далилдер берилгени менен доо арыз четке кагылды. Юрист чечимдин үстүнөн арызданып, аны жаңы курамда кароого жетишүүгө аракет кылаарын айтты. Белгилей кетсек, Турсунбек Акундун арызын судья Аида Жогоштиева кабыл алган жок. 

Эске салсак, 2019-жылдын 24-июнунда Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы жана каналдын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирди деген жүйөө менен сотко берген. Айтымында, канал учурда мүлкү камакка алынганына карабай, тараткан тастыкталбаган маалыматтары үчүн жооп бериши керек.

«Доо-арыздын суммасы 500 миң сом. Эгерде апрелчилер жана жеке Каниметов өзү Ютуб каналы аркылуу жалган маалымат бергенбиз деп моюндарына алышса, анда мен материалдык дооматымды артка кайтарып алам», -деген Турсунбек Акун.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18