24.kg
09:25, 29 октября 2019, 24.kg

Чыныбай Турсунбековдун кылмыш ишине тийиштиги бар болуп калышы мүмкүн

Башкы прокуратура УКМКга Бишкектеги ликер-арак заводунун мыйзамсыз банкрот болушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү жаңылоону тапшырды. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков соцтармакка жарыялады.

Ал КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков рейдерлик жол менен «АкылИнвестБанк» менен Бишкектеги ликер-арак заводун басып алганын айтат.

Мелис Аспеков өзүнүн иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялаары менен, ага ар кандай коркутуулар келип жатканын билдирди. Ал эми Чыныбай Турсунбеков өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18