24.kg
08:56, 29 октября 2019, 24.kg

Текебаев менен Чотонов дагы эки ай үй камагында калмай болду

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды. 

28-октябрда соттук териштирүүгө берилген эки айлык мөөнөт аяктады. Буга байланыштуу судья соттолуучулардын бөгөт чарасын дагы эки айга узартты. Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон.

Иш райондук сотто эки ай мурда карала баштап, соттолуучулардын бөгөт чарасы үй камагы деп аныкталган.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкекте болгонун жүйө келтирген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18