24.kg
16:30, 28 октября 2019, 24.kg

«Опуза сотто отурабыз». Жактоочулар менен судья кайым айтыша кетишти

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө судья менен жактоочулар арасында кайым айтышуу болуп кетти.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев айыпталуучу мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду көрбөгөндүгүн айтты.

Судья Инара Гилязетдинова нааразы болуп, процесске төрагалык кылган судья камерага кирип, айыпталуучуга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө милдетүү эмес деди.

Жактоочуга айыпталуучунун документин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн беришти. Мындан соң жактоочу Сапар Исаков күбөлөр- Евгений Хафизов менен Г. Асанованы суракка алгандан кийин көрсөтмө берүүгө даяр деп кошумчалады.

Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу 24.kg агенттигине жактоочулардын айыпталуучулар процесске катышууга аргасыз деп айткан маалыматы тараганын билдирди. Судья жактоочуларды ЖМК аркылуу коомчулуктун башын айландырып жатат деди. Замир Жоошев болсо судья өз ыйгарым укуктарын жогорулатып жатканын айтып, айыпталуучуга мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду ал тааныштырбашы керектигин кошумчалады.

Айбек Калиевдин коргоочусу Бактыбек Жумашев сотко ЖМКда жазылган маалыматка эмес, документке көңүл бурууну суранды.

Инара Гилязетдинова жактоочунун үнүн катуу чыгарып сүйлөгөнүнө нааразы болуп, «Сиз кайда отурасыз?», — деп суроо берди. Бактыбек Жумашев «Опуза сотто» деп жооп берди.

Инара Гилязетдинова процесстин катышуучуларына жактоочуга карата Адилет министрлигине арыздана турганын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18