24.kg
15:41, 28 октября 2019, 24.kg

ЖЭБ чыры. Сапар Исаков процесске келген жок

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Photo 141472

Отурум залына мурунку премьер-министр Сапар Исаковдон башка айыпталуучулардын баары келишти. Сапар Исаков конвойдук бөлмөдөн чыгуудан баш тартты.

Буга чейин айыпталуучулар эки күбө- эксперттер Г. Асанова менен Евгений Хафизовду суракка алмайынча конвойдук бөлмөдөн чыкпайбыз деп баш тартышкан болчу.

Кийин Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча жемкорлукка айыпталып жаткандар сотто көрсөтмө берүүгө макул болушканын журналисттерге Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирген. Анын айтымында, айыпталуучулар мындай чарага барууга аргасыз. Сот 2 токтом чыгарды, биринчиси -айыпталуучуларды отурум залына күч менен алып келүү, экинчиси- эгер айыпталуучулар көрсөтмө берүүдөн баш тартышса дагы процессти улантуу.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18