24.kg
15:11, 28 октября 2019, 24.kg

Автобустун багажына жашынып. Орусиядан Кыргызстанга келе жаткандар кармалды

Краснодарск аймагында Орусиянын мамлекеттик автоинспекциясы багажында документи жок жарандарды ташып бара жаткан"Мерседес" үлгүсүндөгү кичи автобусту токтотушту. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКсы жазды.

Маалыматка караганда, унаанын ичинде айдоочу жана 3 жүргүнчү болгон. Алар Якутиядан Кыргызстанга келе жатышкан. Багаждан документи жок 3 жаранды табышты.

Билдирүүгө таянсак, кармалган жарандар Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп жүрүшкөн. Аларды полиция бөлүмүнө алып келип, административдик протокол түзүштү.

Унаанын айдоочусу дагы тахограф жана камсыздандыруусуз жүргөнү үчүн жазаланат. Мындан тышкары унаанын ичиндеги 3 жүргүнчү коопсуздук курларын тагынышкан эмес, ошондуктан айдоочуга кошумча айып салынмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18