24.kg
10:10, 28 октября 2019, 24.kg

Москвада KG Russ кайрымдуулук коомдук уюмунун бет ачары өттү

Москва шаарында KG Russ кайрымдуулук коомдук уюмунун бет ачары өттү.

Аталган уюмдун милдети -ар кандай оор тагдырларга тушуккан, илдетке чалдыккан жардамга муктаж Москвадагы мекендештерге колдоо көрсөтүү. Ошондой эле уюм эки элдин достук мамилесин бекемдөөгө да багытталган. 

Иш-чарага кыргызстандан мейман катары Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков менен төкмө акын Идирис Айтбаев чакырылган. Мындан тышкары Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгү катышты. Алар жаңы ачылган уюмдун ишине ийгилик каалашты. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18