24.kg
09:38, 28 октября 2019, 24.kg

Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday кыргыз тилдүү басылмасын соттон утуп алды

Парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday кыргыз тилдүү басылмасын соттон утуп алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, процесс Биринчи май райондук сотунда өттү. Мурунку депутатты жемкор деп атаган бир канча маалымат ызаланткан. Ал маалыматты төгүндөп жана моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом төлөп берүүнү талап кылган.

Сот арыз ээсинин талаптарынын бир бөлүгүн канааттандырды. Kyrgyztoday басылмасы Ахматбек Келдибековдун намысына шек келтирген маалыматты төгүндөп, компенсация катарында 30 миң сом акча төлөп бериши керек.

Буга чейин Ахматбек Келдибеков «Азия-Ньюс» гезитинин журналистин сотко берип, 2 миллион сом өндүрүп алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18