24.kg
16:41, 25 октября 2019, 24.kg

Үйлөнүү үлпөт тойдо мушташкандар милицияга арыз жазуудан баш тартышты

Жалал-Абад облусундагы үйлөнүү үлпөт тойдо мушташкандар милицияга арыз жазуудан жана экспертизадан өтүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Ноокен районунда болгон. Ооруканага жеңил жаракат алышкан 23 жана 25 жаштагы жигиттер кайрылышты. Аларга алгачкы жардам көрсөтүлгөнү менен ооруканага жаткырылышкан эмес.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарда үйлөнүү тойдогу жапырт мушташ тууралуу видео тараган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18