24.kg
15:30, 25 октября 2019, 24.kg

Донорлор Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө 55 миллион доллар бөлөт

Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Ысык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 55 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү токтом долбоору ратификация үчүн парламентке жөнөтүлдү.

Бул каражатка Казакстан менен байланыштырган Түп — «Каркыра» көзөмөл өткөрүү бекетинин ортосундагы жолду оңдоп-түзөөгө жана «Каркыра» туристтик лагерине алып барчу жолду ремонттоого жумшалат. Долбоордун алкагында жолдорду тейлей турган техникалар жана кар тазалоочу машиналар сатылып алынат.

Каражаттын бир бөлүгү авиациялык коопсуздукту бекемдөө, инспекторлорду даярдоого, Жарандык авиация агенттигине жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Мындан тышкары туризмди өнүктүрүүнүн туруктуу стратегиясын иштеп чыгуу, туристтик кызмат көрсөткөн беш борбор куруу жана Түп менен Ак-Суу райондорунда геопарктарды түзүү пландалууда.

Каражаттын бир бөлүгү грант, бир бөлүгү жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18