24.kg
14:55, 25 октября 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы узартылды. Дагы 2 ай камакта болот

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы узартылды. Сот анын катышуусу жок өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Мурунку президент 2 ай камакта болот.

Эске салсак, буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өткөн.

Биринчи Май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угуулар уланууда. Иш боюнча 19 киши айыпталган, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18