24.kg
11:40, 25 октября 2019, 24.kg

Жөн гана жүрүп айлык аласыңарбы? Монополияга каршы ведомствонун иши сындалды

КСДП фракциясынын мүчөлөрү Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин биринчи муктаждыктагы товарлардын бааларын жөнгө салуу тууралуу маалыматын карап жатышат.

Депутаттар баалар өсүп жатканын айтышты. Бирок, профилдик ведомство эч кандай аракет кылган жок. «Азыктардын наркын коюу- өзү бүтөттүккө салынган экен да. Бизде жеке мектептерде окуу ЖОЖго караганда кымбат турат. Бул бир гана мисал. Бул маселени чечүү үчүн сиздер эмне кылдыңыздар? Сиздин байкоо жүргүзгөнүңөр кайда? Эгер бааларга таасир бере албайбыз десеңер, анда эмне керегиңер бар? Жөн гана жүрүп айлык алып жатасыңарбы? Силерге канааттандыраарлык эмес деген баа берилет», -деди фракция лидери Иса Өмүркулов.

Эске салсак, унга болгон баалар эки эсе өскөнүн депутат Айнуру Алтыбаева да айтып, нааразы болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18