24.kg
11:16, 25 октября 2019, 24.kg

Күйүүчү-майлоочу майлардын башаламан сатылышына каршы күрөш уланууда

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы күйүүчү-майлоочу майлардын башаламан сатылышына каршы күрөштү улантууда.

Эске салсак, Бишкектеги «Ак-Өргө» калктуу конушунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз сатып келген жай табылган. Ал жакта 2 тоннага жакын Аи-92 үлгүсүндөгү бензин аныкталып, тиешелүү документи жок болуп чыкты. 

Буга чейин Чүй облусунда Казакстандын аймагынан түтүк менен мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордуруп жүргөн адамдар аныкталганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы кабарлаган болчу. Алар Кең-Булуң айылынын аймагында үч чакырымдык түтүк аркылуу коңшу өлкөдөн бензинди алып өтүп жүргөн. Буга байланыштуу Токмок шаарында 3 жай боюнча тинтүү жүргүзүлдү. Анда майды ташуучу жана сактоочу цистерна, электрдик насостор, ар кандай көлөмдөгү идиштер, шланга жана башка жабдыктар табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18