24.kg
10:21, 25 октября 2019, 24.kg

Депутат: Ата-энелердин каражатысыз мектептер жашай албайт

Ата-энелердин каражатысыз мектептер жашай албайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Валентина Лисниченко айтып чыкты.

«Мамлекет мектептерди камсыздоого каражаты жок экенин мойнуна алышы керек. Биз керектүү болгон жабдуулардын тизмесин түздүк: кеңсе буюмдары, чарба буюмдары, химия бөлмөсү иштеп турушу үчүн реактивдер керек. Бирок мунун баары каржыланбайт», -деди депутат.

Ал мектепте бир күндө канча бор кетерин мисал менен айтты.

«Кичинекей бор 2 сом турат, математика сабагы үчүн 5 бор керек. Эгер мектепте 50 класс болсо, анда 250 бор керектелет. Күнүнө 500 сом бир сабак үчүн борго кетет. Мамлекет аны сатып алууга каражат бөлбөйт. Биз болгону айлык акыны, коммуналдык чыгымдардын бир бөлүгүн жана капиталдык ремонт үчүн гана каражат беребиз», -деп билдирди Валентина Лисниченко.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18