Ырыс Окенова «Азаттык» радиосун сотко берди. Ал кечирим суроону талап кылууда
Режиссер Ырыс Окенова Ленин райондук сотуна «Азаттык» радиосу боюнча доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди.
Маалыматка караганда, Ырыс Окенова радио кызматкерлеринин кечирим сурашын талап кылууда. Ошондой эле буга чейин радиодо жарыяланган «Акшоола» сериалын тартууга 250 миң доллар корогон деген маалыматты төгүндөшүн күтүп жатат. ««Журналисттер» коомдук бирикмесине берген маегинде Ырыс Окенова ЖМКда жарыяланган маалыматтан кийин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулунда суроолор жаралган. Ал телесериалдын бюджети 10 эсе аз болгонун, калган каражат кайда экенин сурап, материалдык доомат койгон. Режиссердун айтымында, каржы директору, юрист, бухгалтердин катышуусуз кесипкөй териштирүү жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам аны каражатты коротуп салган деп шекшип башташкан. Чырдан кийин ал моралдык жактан жабыркап, арызын жазып КТРКдан кетүүгө аргасыз болгон», — деп жазылат билдирүүдө.
Ырыс Окенованын айтымында, макаланын автору менен байланышканда, ал болгону текстти которгонун билдирген. Эске салсак, буга чейин КТРКнын кызматкери Ырыс Окенова кызматтан арыз жазып кеткенин соцтармакка жазган.