24.kg
08:57, 25 октября 2019, 24.kg

Казакстанда каттоодон өтпөгөн абоненттердин мобилдик байланышы өчүрүлө баштады

Казак бийлиги жана мобилдик операторлор учурда телефондорун каттоодон өткөрбөй, аларды жеке идентификациялык номурларына байланыштырбаган абоненттердин мобилдик байланыштары өчүрүлүп жатканын маалымдады.

Өкмөт жана мобилдик операторлор казакстандыктарга мобилдик телефондордун IMEI-коддорун каттатуу тууралуу бир нече жолу эскертүү берилгенин, мөөнөт 1-январда эле аягына чыкканын маалымдады.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, учурда Нур-Султанда ондогон абоненттер каттоодон өтүү үчүн кезекте турат.

Быйыл жаңы телефон алган абоненттер аппараттарынын IMEI-коддорун каттата элек болсо, мобилдик операторлорго жеке кайрылып, же SMS- билдирүү жөнөтүшү керек. Жарандык жеке идентификациялык номур менен байланыштырылган аппарат абоненттин атына берилген SIM-карталар менен гана иштейт.

Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын казак бийлиги телефон уурдоо учурлары көп кездешип жатканы менен түшүндүрүүдө. Айрым активисттер болсо, бул ыкма жарандарды аңдууга мүмкүнчүлүк түзөрүнө тынчсызданышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18