24.kg
16:36, 24 октября 2019, 24.kg

Таксисттин өлүмү. Хусан Каримовдун 10 миң доллары жоголду

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан сөөгү табылган Хусан Каримов таксист болчу. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди. 

Photo 141010

Маалыматка караганда, Хусан Каримов 22-октябрда Honda Accord унаасы менен үйүнөн чыгып кетип кайра келген эмес. Алдын ала билдирүүгө ылайык, анын жанында 10 миң доллары болгон.

«Каза болгон жарандын бир тууганы милиицияга арыз жазды. Укук коргоочулар унааны аба майдандын жанындагы унаа токтоочу жайынан табышкан. Багаждан Хусан Каримовдун сөөгү чыкты. Ал эми акча табылган жок», — деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылганын ОИИББдан билдиришти.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18