24.kg
15:47, 24 октября 2019, 24.kg

Санкт-Петербургда ири жол кырсыгына кыргызстандык күнөөлөнүүдө. 8 киши жабыркады

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы көчөлөрдүн биринде эки унаанын кагышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Анда 8 кишинин жабыркаганын РИА Новости жазды.

Окуя кечээ катталган.

Маалыматка караганда, Лермонтов кең көчөсүнөн Renault жана Volkswagen үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Унаалардын бири жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бара жаткан жүргүнчүлөрдү сүзүп, жолдун четине чыгып кеткен. Экинчиси оодарылып калган.
 
Volkswagen унаасын кыргызстандык 33 жаштагы жаран башкарып бара жатканы айтылат. Алдын ала маалыматка ылайык, ал кызыл жарык күйүп турганда жүрүп баратып экинчи унааны сүзгөн. Экинчи унаанын оодарылып калганын видеодон көрүүгө болот.
 
 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18