24.kg
09:05, 24 октября 2019, 24.kg

«Бир Дүйнө — Кыргызстан 2019» фестивалы балдар укуктарын коргоо темасына арналат

Быйыл «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму тарабынан уюштурулуп келген документалдык тасмалардын фестивалы балдар укуктарын коргоо темасына арналат. Бул тууралуу фестивалдын аткаруучу директору Райхан Абдрайимова билдирди.

Анын айтымында, 11-15-ноябрь күндөрү өтө турган фестивалда балдардын укуктарын чагылдырган 20дан ашык документалдык тасма ат салышат. Мындан тышкары фестивалдын алкагында балдардын укуктарын коргоо маселесине арналган 15 семинар өткөрүлөт.

12 жылдан бери уюштурулуп келаткан бул фестивалда жалпысынан 450дөн ашык документалдык тасма көрсөтүлдү. Жыл сайын анын программасы адам укуктарын коргоо боюнча темалардын бирине арналат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18