24.kg
16:16, 23 октября 2019, 24.kg

Новосибирсктеги кыргызстандыктар катышкан мушташ боюнча 12 кылмыш иши козголду

Орусиянын Новосибирск шаарындагы базарда кыргызстандыктар катышкан жапырт мушташ фактысы боюнча жалпысынан 12 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, базарда иштеген 100дөн ашык киши суракка алынып, алардын жазган арыздарынын негизинде соодагерлерден опузалап акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата 12 кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Орусиянын укук коргоо органдары «Бейбаштык» жана «Опузалап акча талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогону кабарланган. Анын алкагында шектүү катары Орусиянын эки жараны кармалып, камакка алынган.

7-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарындагы базарлардын биринде ок атуу менен коштолгон жапырт мушташ чыккан. Ага 200 киши катышып, 50гө жакыны кармалган.

Кийинчерээк базарда жашылча-жемиш саткан борбор азиялыктар алардан акча опузалап жүргөн кылмыштуу топко каршы чыгышканын билдиришкен. Топтун мүчөлөрүнүн арасында теги кыргызстандык орус жарандары бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18