24.kg
Элеонора КЫДЫРОВА
15:16, 23 октября 2019, 24.kg

Балыкчы-Бөкөнбаев-Тоң унаа жолун оңдоого каражат бөлүп берүү өтүнүчү айтылды

Балыкчы-Бөкөнбаев-Тоң унаа жолдорун оңдоого каражат бөлүп берүүнү «Тоолуу өрөөн коому» коомдук бирикмеси бийлик өкүлдөрүнөн суранышат. Бул тууралуу бирикменин төрагасы Жанарбек Өмүракунов «Фейсбук» баракчасына жазды. 

«Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кайрылуусун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чымын ордуна дагы көргөн жок окшойт. Төрага -мамлекеттин экинчи бийик даражалуу өкүлү да, негизи жооп берилиши керек эле. Эч кандай жооп келген жок», — деп жазган ал билдирүүдө.

«Биз «Тоолуу өрөөн коому» коомдук бирикмеси 12-21612/18 номерлүү катын, Балыкчы-Бөкөнбаев-Тоң унаа жолдорун оңдоого каражат бөлүп берүү жагын сурандык элек. Урматтуу премьер-министр жооп берип койсоңуз, бир жыл болуп баратат. Эт жебесек да, шорпо ичкендей болуп калалык. Урматтуу Дастанбек Артисбекович сиз дагы кайрылып койсоңуз,Тоң эли күтүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18