24.kg
14:25, 23 октября 2019, 24.kg

Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 78 бала жаткырылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 279 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 208и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 91и ооруканага жаткырылган, алардын 78и жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 84 адам кайрылса, 41и ооруканага жаткырылып, 43 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 52 адам кайрылган, алардын 16сы ооруканага жаткырылды», -деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18