24.kg
13:45, 23 октября 2019, 24.kg

Бишкектеги Эски аянт Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт

Бишкектеги Эски аянт Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт. Мындай чечим бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында кабыл алынды.

Депутат Асылбек Кадралиев Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу докладчынын маалыматын угуп отурбай, дароо эле добуш берүүнү сунуштады. Кесиптештери аны колдоп кетишти. Токтом долбоору профилдик комиссиянын корутундусун эске алуу менен кабыл алынды, токтом 2020-жылдын октябрынан тарта күчүнө кирет.

Эске салсак, февралда БШКнын кезектеги сессиясында Эски аянтка жана «Газпромдун» жаңы мектебине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе каралган. Анын атына Бишкек шаарындагы Киев көчөсүн, Улуттук тарых музейин атоо сунушталган.

Турдакун Усубалиев 1961-1985-жылдары Кыргызстанды жетектеген. Жакында Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында анын 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18