24.kg
12:14, 23 октября 2019, 24.kg

Аркар-кулжа, теке, элик, марал. Аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды

2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз жапайы жаныбарларына аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда маалым болду.

Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагында аӊчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аӊчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар. Аӊчылык жерлердин жалпы аянты — 14,4 миллион гектарды түзөт.

Маалыматка караганда, мурда аӊчылык иштерин уюштурууда 80 уюм иш жүргүзсө, азыр алардын саны 42ге чейин кыскартылды, ал эми аӊчылыкка 4 айга чейин гана уруксат берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18