24.kg
11:27, 23 октября 2019, 24.kg

Балдарды төрөгөн сон, төлөшү да керек. Депутат мектептеги ысык тамак тууралуу

Парламентте мектеп окуучуларынын тамак-ашы тууралуу талкуу болуп жатат. Депутаттар 3-окууда тиешелүү мыйзам долбоорун карап жатышат.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн билим берүү мекемелеринин 60 пайызы ысык тамак менен камсыз болгон. Ар бир балага күнүнө 7 сомдон каралат. Депутат Евгения Строкова кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Ал ата-энелердин балдардын боткосуна акча берүүсүн нормалдуу көрүнүш дейт.

«Эмнеге болбосун? Албетте, 7 сом бир балага аз. Ата-энелер дагы буга кошулушу керек. Бул алардын балдары да, алар төрөшкөн», -дейт депутат.

Депутат Улугбек Ормонов дагы 7 сом аз экенин белгилеп, айрым мектептерде ысык тамак үчүн 4 сомго жетпеген каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө 625 миң 767 бала окуган (1-класстын окуучулары) 2 миң 265 жалпы билим берүү уюмдарында жана 1 миң 371 мектепте (1-4-класстын окуучулары) ысык тамак уюштурулган. Бул мектептердин 60 пайызын түзөт. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 88 миллион сом каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18