24.kg
10:31, 23 октября 2019, 24.kg

Жапониянын депутаттары Сооронбай Жээнбековго кыргыз балын тартуулашты

Photo 140705

Жапониянын депутаттары президент Сооронбай Жээнбековго жапон дүкөнүнөн алынган Кыргызстандын балын тартуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков кечээ Токио шаарында лидери Гэн Накатани жетектеген «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир алышуу болду. Президент Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча кызматташуу жөнүндө айтып жатып, ал өлкө чет элдик инвесторлор, анын ичинде япон инвесторлору үчүн да ачык экенин белгиледи.

«Биз инвестициялык чөйрөнү мындан ары жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштерди алып баруудабыз. Өлкөнүн мыйзамдык базасы инвесторлор үчүн керектүү шарттарды камсыздайт. Биз чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Япониядан да, ири компания жана корпорацияларды тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18