24.kg
10:21, 23 октября 2019, 24.kg

Дүйшөнбек Зилалиев Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген жок

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Айтымында, Дүйшөнбек Зилалиев тергөөчүгө Терек-Сай кенине лицензиянын берилиши тууралуу айтып берип жатып, ага Алмазбек Атамбаев эч кандай тапшырма бербегенин, ал бул маселени талкуулабагандыктарын билдирген.

Дүйшөнбек Зилалиев Субихи Пархати деген ысымды болгону иштин материалында гана кезиктиргенин, буга чейин ал адам тууралуу укпаганын айтты. «Зилалиевди Терек-Сай кенине лицензияны сатып жатканда аукциондун жыйынтыгына таасир берди деп айыптап жатышат. Бирок бул абсурд», -дейт Таалайгүл Токтакунова.

Иштин материалы боюнча, жыйынтыгында лицензияга ээ болгон ЖЧК ошол маалда Пархатиге караштуу эмес болчу. Ал бир айдан кийин ЖЧКнын башчысы болгон.

Таалайгүл Токтакунова

Аскер прокуратурасы кечээ Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевге «Коррупцияга катыштыгы бар» деген берене боюнча кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме жөнөттү.

Кылмыш ишти иликтөөнүн жүрүшүндө (Алмазбек Атамбаевдин коррупциялык иштерине байланыштуу), мурунку президент сурьма кенине лицензияны арзандатылган баада алуу максатында коррупциялык иштерге Дүйшөнбек Зилалиевди жана агенттиктин статс-катчысы Шерикул Султановду аралаштырганы аныкталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18