24.kg
09:22, 23 октября 2019, 24.kg

Бишкектеги дүкөндөн кайрымдуулук үчүн чогултулган акча кутусун уурдап кетишти

«Ак-Өргө» калктуу конушундагы дүкөндөн кайрымдуулук үчүн чогултулган акча кутусун уурдап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

«Факт боюнча арыз 19-октябрда келип түштү. Сотко чейинки өндүрүш башталып, издөө жүрүп жатат. Шектүү кармала элек», -деп билдиришти ШИИББдан.

Маалыматка караганда, 16-октябрда саат 18:00дө дүкөнгө бир кишинин киргени видеого түшүп калган. Ал кутуну ачып акчаны алган соң качып кеткен. Акчанын жоголгонун 3 күндөн кийин гана билишкен.

Аталган куту дүкөнгө тиешелүү болгон. Анда чогулган акчаны жылына бир жолу карылар үйүнө же интернатка берип турушкан. Жыл сайын 30 миң сомго жакын ачка чогулчу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18