24.kg
12:18, 22 октября 2019, 24.kg

Арстан Алайдын тарапташтарына 3 миң сом айып салынды

Өзүн кудай деп атаган Арстан Алайдын тарапташтарына коомдук тартипти бузгандыгы жана милициянын талаптарына баш ийбегендиги үчүн 3 миң сом айып салынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, алар салынган айыпты мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгаруу үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрылышты.

Эске салсак, Арстан Алайга карата ШИИББ «Расалык, улуттар аралык, улуттук, диний жана аймактар аралык жек көрүүгө түртүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Арстан Алайдын айткандары боюнча экспертиза жүргүзөт.

Арстан Алай (Абдылдаев) — «Кыш болбойт» деген кеби менен көпчүлүккө белгилүү болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18