24.kg
11:51, 22 октября 2019, 24.kg

Атамбаевдин иши. Алга Кылычевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы тарапташы Алга Кылычевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи Май райондук соту билдирди.

Соттун чечими боюнча Алга Кылычев 9-декабрга чейин камакта болот.

Мурунку президенттин тарапташтары Амантур Жамгырчиев, Марат Шаменов, Алга Кылычев, Кыяс Смаилов, президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов жана башкаларга «Массалык башаламандык», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев мурунку президентке каршы көрсөтмө бергенин 24.kg агенттигине жактоочу Замир Жоошев билдирген. Ал жакында эле № 1 тергөө абагынан Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына которулду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18