24.kg
11:35, 22 октября 2019, 24.kg

Атамбаевдин иши. Канат Сагымбаев көрсөтмө берүүдөн баш тартты

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу 24.kg агенттигине себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, Канат Сагымбаев буга чейин күбө катары өтүп жатканда тергөөчүнүн суроолорунун баарына жооп берген. «Бир нерсени кайра кайталай бергендин эмне кереги бар? Канат Сагымбаев күбө катары көрсөтмө берген. Мындан улам ал сурактан баш тартты», -деди юрист.

Буга чейин Канат Сагымбаев КСДП саясий уюмунун мүчөсү Алга Кылычев менен беттештирүүдөн баш тарткан.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18