24.kg
10:27, 22 октября 2019, 24.kg

Кыргызстандын эки облусу «Кол өнөрчүлөрдүн шаары» макамын алышы мүмкүн

Аталган макамды берүү үчүн Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк боюнча комиссия келди. Алар кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырып, облустарга баа берет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын эки облусу дүйнөлүк «Кол өнөрчүлөрдүн шаары» макамын алышы мүмкүн.

Photo 140507

«Комиссия кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырып, облустарга баа берет. Ысык-Көл облусу «Боз үй шаары» жана Нарын облусу «Кийизден жасалган шаар» наамына көрсөтүлүп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин талаптарына ылайык, аймакка эл аралык бренд берүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан да колдоо болушу абзел.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18